Авиа кырсыктан кийинки жашоо…
Дача Су айылына жүк ташуучу учак кулагандан бери 5 айдын жүзү болду. Бул убакытта Дача Суда эмне өзгөрдү? Азыр кантип жашоо өтүп жатат? Жабыркагандардын абалы кандай?
2017-жылдын 16-январында турак үйлөрдүн үстүнө кулап түшкөн жүк ташуучу учак, карапайым жашап жаткан 39 адамдын өмүрүн алып, жашоочуларга зыян дагы келтирди
Кырсык болуп өткөн жерде учурда айыл тургундары мурдагыдай эле жашап жатышат. Кээ биринин үйлөрү жабыркаса, кээ бирлери короо-жай, малынан да кол жууп калышкан. Башка жерге көчүп кетүүгө азыр мүмкүн эмес экендигин түшүнгөн айыл тургундары, тагдырга моюн сунуп жашоодо. Элден чогултулган каржылык жардам калыс таратылбаганына нааразычылыктар бар. Алар дагы деле болсо мамлекет тарабынан алгылыктуу жардам болуп калабы деп үмүттөнөт. Материалдык жабыркагандардын арасында, моралдык жана псиxикалык жактан жабыркагандар да кездешет. Окуяга өзү катышып, мерт кеткендерди кармалап, тирүүбү деген ой менен аралашып жүрүп, псиxологиялык жабыр тарткан жашы жете элек кыз дагы бар
"Данакер" үйбүлөлүк борборунун психологдору кырсыктан кийин Дача Суда жабыркагандарга психологиялык жардам көрсөткөн. Бул борбордун психологу Чынара Термечикованын айтымында, жабыркагандарга колдон келишинче психологиялык жардамдар көрсөтүлгөн, бирок бул дагы жетиштүү болбошу мүмкүн.
Кыйраган үйлөр ээлерин жоктойт...
Төрт небересин жалгыз тарбиялаган чоң эне
Чон эне 4 небересин жалгыз тарбиялайт. Кырсык болгон күнү анын бир уй жана торпогун сарайы менен чогуу алып кеткен. Бул анын жалгыз каражат булагы эле
Дача Сулуктар учак учуп-конгон сайын коркуп күн кечирип келет. Алар бийликтен башка жакка көчүрүүнү талап кылышкан менен азырынча жыйынтык жок...

Жашоо уланууда...
Made on
Tilda